Газада каза болгондордун саны

Израилдин Газага 192 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2127897
Газада каза болгондордун саны

Израиль армиясынын 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 33 миң 797ге жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газага 192 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израиль армиясынын Газа тилкесине акыркы 24 сааттагы кол салууларында дагы 68 палестиналыктын каза болгону, 94 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 33 миң 797ге, жаралуулардын саны 76 миң 465ке жеткени кабарланды.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле сөөктөрдүн бар экени, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар