Байден Нетаньяхуну эскертти

Америкалык жогорку даражалуу аткаминер Байдендин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу журналисттерге билдирүү жасады.

2127844
Байден Нетаньяхуну эскертти

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхуга Ирандын кол салууларына жооп кайтаруудан мурда «кылдат ойлонууну» эскертти.

Америкалык жогорку даражалуу аткаминер Байдендин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу журналисттерге билдирүү жасады.

Расмий маалыматка караганда, Байден жолугушууда Нетаньяхуга «чыңалуунун күчөшү коркунучун кылдаттык менен карап чыгуу жана маселеге стратегиялык көз караш менен мамиле кылуу керек» деп айткан.

Израилдин АКШга Иран менен чыңалууну күчөтүү ниети жок экенин ачык айтканын белгилеген аткаминер, АКШнын Израилдин ыктымал жооп кайтаруу чабуулун колдоо мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого да «мындай пландары жок экенин» билдирди.

Израиль 1-апрелде Дамасктагы Ирандын консулдугунун имаратына абадан чабуул жасап, Иран Төңкөрүшчү сакчылары корпусунан 7 киши, анын ичинде 2 генерал набыт болгон.

Иран Израилдин консулдугуна кол салуу анын өлкө аймагына кол салуу экенин жана алар жооп кайтара турганын жарыялаган.

Израиль дагы Ирандын чабуулдарына жооп берерин билдирди.

Мурунку түнү Иран жүздөгөн камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар, баллистикалык жана канаттуу ракеталар менен Израилге чабуул коюп, кээ бир аскердик буталарга сокку урулганын жарыялады.

Израиль чабуулдардын көбүн абадан коргонуу системалары менен алдын алганын, бирок өлкөнүн түштүгүндөгү аскердик базага ракета тийгенин билдирди.

 



Тектеш кабарлар