Папа Жакынкы Чыгыштагы окуяларга тынчсыздануусун билдирди

Ватикандагы Ыйык Петр аянтына караган кеңсесинин терезесинен салттуу жекшемби сыйынуусун окуган Папа сөзүндө Жакынкы Чыгышта болгон окуяларга байланыштуу баа берди.

2127502
Папа Жакынкы Чыгыштагы окуяларга тынчсыздануусун билдирди

Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын президенти Папа Франциск Жакынкы Чыгыштагы окуяларды тынчсыздануу, кайгы жана тиленүү менен көрүп жатканын айтты.

Ватикандагы Ыйык Петр аянтына караган кеңсесинин терезесинен салттуу жекшемби сыйынуусун окуган Папа сөзүндө Жакынкы Чыгышта болгон окуяларга байланыштуу баа берди.

Өткөн түнү Жакынкы Чыгышта Ирандын Израилге абадан чабуулуна токтолгон Рим папасы: «Мен акыркы бир нече саатта Ирандын кийлигишүүсүнөн улам Израилдеги абалдын начарлап кеткени тууралуу кабарды тиленип, тынчсыздануу жана алтургай кайгыруу менен байкап жатам. Жакынкы Чыгышты куралдуу кагылышууга сүйрөп кетүү коркунучу бар зомбулуктун чырмоогун күчөтө турган бардык аракеттерди токтотууга чын дилимден чакырам»,-деди.

Папа Франциск : «Эч ким экинчисинин жашоосуна коркунуч келтирбеши керек, ар ким тынчтык үчүн позицияда турушу керек. Израилдиктер менен палестиналыктардын эки мамлекет катары жанаша жана коопсуз жашоосу үчүн жардам берилиши керек»,-деп айтты.

Газа үчүн ок атышпоо чакырыгын дагы бир жолу кайталаган Папа: «Газада тез арада ок атышпоо жана сүйлөшүүлөрдүн артынан түшүү керек. Гуманитардык кырсыкка сүйрөлгөн адамдарга жардам көрсөтүлүп, барымтага алынгандар токтоосуз бошотулушу керек. Канча азап. Согуш жетишет, кол салуу жетишет, зордук-зомбулук жетишет дейм. Диалогго жана тынчтыкка чакырам»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар