Пакистанда нөшөрлөгөн жамгыр жана чагылган: 26 адам каза болду

Мамлекеттик кызматкерлердин билдирүүсүнө караганда Пенжаб, Белужистан жана Хайбер-Пахтунхва провинцияларында нөшөрлөгөн жамгыр жана чагылгандын кесепетинен 26 киши каза болду.

2127401
Пакистанда нөшөрлөгөн жамгыр жана чагылган: 26 адам каза болду

Пакистандын Пенжаб, Белужистан жана Хайбер-Пахтунхва провинцияларында нөшөрлөгөн жамгыр жана чагылгандын кесепетинен 26 киши каза болду.

Мамлекеттик кызматкерлердин билдирүүсүнө караганда, Рахим Яр Хан, Бахавалпур, Бахавалнагар жана Лодхран аймактарында чагылгандын уруусунан 17 киши каза болуп, Пенжаб провинциясында нөшөрлөгөн жамгырдан улам 12ден ашуун киши жаракат алды.

Белужистан провинциясынын ар кайсы аймактарынан келген кабарларга караганда нөшөрлөгөн жамгыр жана суу ташкындарынан 8 адам каза болуп, 10дон ашуун адам жаракат алды.

Хайбер-Пахтунхва провинциясынын бийликтери провинциянын түндүк-батышында 1 адам каза болуп, 2 адам жарадар болгонун кабарлады.



Тектеш кабарлар