Орусия сабырдуулукка чакырды

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы акыркы кооптуу чыңалууга абдан тынчсызданып жатканын билдирди.

2127484
Орусия сабырдуулукка чакырды

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы акыркы кооптуу чыңалууга абдан тынчсызданып жатканын билдирди.

«Биз Жакынкы Чыгыштагы көптөгөн кризистерди, өзгөчө жоопкерчиликсиз провокациялардан улам пайда болгон Палестина-Израиль чатагын чечпесе, чыңалууну күчөтө турганын бир нече жолу эскерткенбиз», - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

РФ Тышкы иштер министрлиги чыр-чатактын бардык тараптарын сабырдуулукка чакырып, учурдагы көйгөйлөр саясий-дипломатиялык эрежелердин жана «эл аралык актерлордун конструктивдүү мамилесинин» негизинде чечилет деген үмүтүн билдирди.

Министрлик ошондой эле Израиль, Иордания, Ливан жана Сириядагы жарандарын анын маалыматын жана сунуштарын аткарууга чакырды.



Тектеш кабарлар