Медведев Жакынкы Чыгыштагы абалга токтолду

Медведев социалдык медиа эсебиндеги билдирүүсүндө Вашингтондун көз карашы менен Жакынкы Чыгышта болгон менен Украинада болгон окуялардын ортосунда айырма бар экенин баса белгиледи.

2127492
Медведев Жакынкы Чыгыштагы абалга токтолду

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Газадагы киши өлтүрүүлөр Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байдендин шайлоо келечегин начарлатканын жана Израиль менен Ирандын ортосундагы согуш кошумча белгисиздикти жаратканын айтты.

Медведев социалдык медиа эсебиндеги билдирүүсүндө Вашингтондун көз карашы менен Жакынкы Чыгышта болгон менен Украинада болгон окуялардын ортосунда айырма бар экенин баса белгиледи.

АКШнын Жакынкы Чыгышта чоң согуш болушун каалабаганын жана тең салмактуулукту сактап, сабырдуулук көрсөтүүгө аракет кылганын белгилеген Медведев : «Газадагы киши өлтүрүүлөр Байдендин шайлоо келечегин начарлатып, Израиль менен Ирандын ортосундагы согуш дагы кошумча белгисиздик жаратууда»,-деди.

Орусия менен Украинанын ортосундагы кагылышуулардан улам каза болгондорго АКШ кайдыгер карай турганын белгилеген Медведев:«Ар тараптан караганда, канчалык көп болсо, ошончолук жакшы. Анткени, бул америкалык аткаминерлер айткандай, «инвестициялоо» жана алар «инвестициялоону» улантууда»,-деп өз баа берүүсүн камтыды.



Тектеш кабарлар