Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек

Израиль күчтөрү Газа тилкесиндеги чабуулдарын 191-күндөн бери улантып, калкты күч менен ачка жана суусуз калтырып, чоң гуманитардык кырсыкка учуратышты.

2127450
Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек

Израиль армиясынын 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол кол салууларынан каза болгондордун саны 33 миң 729га жетти.

Израиль күчтөрү Газа тилкесиндеги чабуулдарын 191-күндөн бери улантып, калкты күч менен ачка жана суусуз калтырып, чоң гуманитардык кырсыкка учуратышты.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAнын кабарына караганда Израиль армиясынын түнү бою абадан, кургактыктан жана деңизден өзгөчө Газа шаарынын борборуна карай кол салууларында эң аз 10 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

Палестинанын Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газа тилкесине кол салууларында дагы 43 палестиналыктын каза болгону, 62 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израилдин Газа тилкесине 7-октябрдан бери кол салууларында каза болгондордун саны 33 миң 729га, жаралуулардын саны 76 миң 371ге жеткени билдирилди.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде каза болгондордун бар экени, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн сөөктөргө жете албаганы дагы бир жолу белгиленди.



Тектеш кабарлар