Ирандын чабуулуна ЕБ жана өлкөлөрдүн реакциялары...

Евробиримдик (ЕБ) жана айрым өлкөлөр Ирандын Израилге абадан кол салуусун айыптап, тараптарды сабырдуулукка чакырды.

2127420
Ирандын чабуулуна ЕБ жана өлкөлөрдүн реакциялары...

Евробиримдик (ЕБ) жана айрым өлкөлөр Ирандын Израилге абадан кол салуусун айыптап, тараптарды сабырдуулукка чакырды.

Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө: «Европа Биримдиги Ирандын Израилге каршы кабыл алынгыс кол салуусун катуу айыптайт. Бул болуп көрбөгөндөй чыңалуу, аймактык коопсуздукка олуттуу коркунуч»,-деп өз баасын берди.

Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель: «Аймактык чыңалуунун дагы да күчөшүнө жол бербөө үчүн бардык нерсе жасалышы керек. Дагы көп кан төгүлүшүнө бөгөт коюлушу керек. Биз өнөктөштөрүбүз менен кырдаалды жакындан байкоону улантабыз»,-деп айтты.

Евробиримдик комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Ляйен : «Мен Ирандын Израилге ачык жана адилетсиз чабуулун катуу айыптайм. Мен Иранды жана анын ишенимдүү тараптарын бул кол салууларды токтоосуз токтотууга чакырам. Бардык актерлор чыңалуунун мындан ары да күчөшүнө жол бербей, аймактагы стабилдүүлүктү калыбына келтирүүгө аракет кылышы керек»,-деп өз билдирүүсүн бөлүштү.

Европарламенттин (ЕП) төрагасы Роберта Мецола да билдирүүсүндө кол салуулардын Жакынкы Чыгышта дагы көп башаламандыкка алып келүү коркунучу бар экенине көңүл бурду.

Британиянын премьер-министри Риши Сунак өзүнүн X эсебиндеги билдирүүсүндө: «Иран режиминин Израилге ойлонбой кол салышын катуу айыптайм. Иран дагы бир жолу өз короосуна хаостун үрөнүн себүү ниетин көрсөттү»,-деп айтты.

Франциянын тышкы иштер министри Стефан Сежурн менен Нидерландиянын убактылуу өкмөтүнүн премьер-министри Марк Рютте Ирандын Израилге кол салуусун эң катуу айыптагандарын билдиришти.

Германиянын канцлери Олаф Шольц да Ирандын Израилге жасаган аба соккусун катуу айыптаганын белгилеп: «Иран бул жоопкерчиликсиз жана эч кандай негизсиз кол салуусу менен аймакта кеңири масштабдуу өрт коркунучун алып келүүдө»,-деди.

Даниянын тышкы иштер министри Ларс Локке Расмуссен Ирандын Израилге кол салышын кескин айыптап, Ирандын Жакынкы Чыгыштагы «стабилдүүлүктү бузуучу ролу» кабыл алынгыс экенин билдирди.

Словения, Норвегия, Австрия, Чехия жана Польша дагы Ирандын Израилге кол салуусун айыпташты.

Италия жана Бельгия да окуяларды кылдат жана тынчсыздануу менен байкап жатышканын жарыялашты.

Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин баш катчысы Касим Мухаммад аль-Будейви жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө бардык тараптарды аймактын ырааттуулугуна жана калкынын коопсуздугуна коркунуч келтире турган чыңалуунун алдын алуу үчүн максималдуу сабырдуулукка чакырды.

Бразилия, Венесуэла, Мексика жана Кытай да Иран менен Израилди сабырдуулукка чакырып, Жакынкы Чыгышта чыр-чатактар ​​күчөп кетпесин жана согуш токтоосуз токтотулушу керек деп үмүттөнөрүн билдиришти.



Тектеш кабарлар