Иран Израилге учкучсуз учуучу аппараттар менен чабуул жасады

Ирандын мамлекеттик телеканалы кабарлагандай, чабуул тууралуу Төңкөрүш сакчылары армиясы билдирүү таратты.

2127343
Иран Израилге учкучсуз учуучу аппараттар менен чабуул жасады

Иран Израилге учкучсуз учуучу аппараттар менен чабуул жасады.

Ирандын мамлекеттик телеканалы кабарлагандай, чабуул тууралуу Төңкөрүш сакчылары армиясы билдирүү таратты.

Билдирүүдө, Израилдин Ирандын Дамасктагы консулдугуна кол салуусуна жооп катары (1-апрелде) Ирандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 51-беренесине ылайык өзүн-өзү коргоо укугунун алкагында Израилдин оккупацияланган аймактарындагы аскердик обьектилерине каршы чабуул жасалгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө: «Өз укуктарын камсыз кылуу жана агрессорду жазалоо үчүн Иран басып алынган аймактардагы сионисттик террордук армиянын маанилүү аскердик объектилерине чабуул жасап, анын стратегиялык чалгындоо мүмкүнчүлүктөрүнө, ракеталарына жана учкучсуз учуучу аппараттарына ийгиликтүү сокку урду жана жок кылды»,деп айтылды.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Израилге көрсөткөн колдоосуна көңүл бурулган билдирүүдө : «Террорист Америка өкмөтү Ирандын кызыкчылыктарына зыян келтире турган ар кандай колдоо жана катышуунун Иран куралдуу күчтөрүнүн чечкиндүү жана өкүндүрүүчү реакциясына алып келери эскертилди»,деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө «Израилдин аракеттери үчүн АКШнын администрациясы жооп берет, эгерде Израилге бөгөт коюлбаса, мунун кесепеттерин Тель-Авив да, Вашингтон да тартат» деп айтылган.

Төңкөрүш сакчылары АКШнын же Израилдин атынан ар кандай өлкөдөн келген ар кандай коркунучка жооп кайтара тургандыктарын жана ар кандай агрессивдүү аракеттерден жана мыйзамсыз күч колдонуудан Ирандын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргой тургандыктарын билдиришти.

Израиль армиясы өлкөнүн түштүгүндөгү бир аскерий базага анча-мынча зыян келтирилгенин жана эч кандай жоготуу болбогонун жарыялады.

Израилдин коомдук телеканалы KAN армиясынан берилген маалыматка караганда, Иран түндө Израилге болжол менен 100 баллистикалык ракета, 30 канаттуу ракета жана 160 камикадзе учкучсуз учкусуз учуучу аппараты менен кол салды.

Ирандын чабуулу менен бир убакта Ливан, Йемен жана Ирактан Израилге карай 40ка жакын ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар ​​учурулганы белгиленди.

Израилдик аскерлердин ырастоосунда, анын согуштук учактары АКШ башчылык кылган башка өлкөлөр менен бирге Израилдин аймагынан тышкары жерде «20дан ашык канаттуу ракеталарды жок кылган».

Кабарда канаттуу ракеталардын Израилге жетпегени (кол салуулар учурунда) жана тийген баллистикалык ракеталардын инфраструктурага кичине зыян келтиргени белгиленди.

Израил армиясынын басма сөз катчысы Даниел Хагари Иран тарабынан жасалган чабуулда 300дөн ашуун ракета жана учкучсуз учуучу аппарат колдонулганын жана алардын 99 пайызынын жок кылынганын айтты.

Кол салууда болжол менен 170 учкучсуз учуучу аппарат колдонулганын белгилеген Хагари, булардын бардыгынын абадан коргонуу системалары менен бирге Израилдин союздаштарына таандык учактар ​​Израиль аймагына жетпей жок кылынганын айтты.

Кол салууда Ирандын 30дан ашуун канаттуу ракета учурганын жана Израилдин аймагына жетпей баарынын жок кылынганын айткан Хагари 120дан ашуун баллистикалык ракетанын «бир нечесинин» Израилге жеткенин, калгандарынын жок кылынганын белгиледи.

Басма сөз катчысы Хагари, санын тактабаган ракеталардын Израилдин түштүгүндөгү Неватимдеги аба күчтөрүнүн базасына тийгенин жана ал жерде «бир аз» зыян болгонун, бирок базанын ишин улантканын билдирди.

Израиль армиясынын басма сөз катчысы Израилге Ирак менен Йеменден, ошондой эле Ирандан ок атылганын жана алардын бири да Израилдин аймагына жеткенин ырастады.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун жетекчилигинде Тель-Авивде чогулган согуш кабинетинде Ирандан башталган учкучсуз учуучу аппарат чабуулу талкууланды.

Израилдин Коопсуздук кабинети Согуш кабинетине Ирандын чабуулуна жооп берүүгө ыйгарым укук бергени кабарланды.

Анын уруксаты менен Иранга жооп берүүгө байланыштуу чечим чыгаруу процессинин ылдам жана жеңил боло турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар