Гутерриш бардык тараптарды сабырдуулукка чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Ирандын Израилге абадан кол салуулары тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2127385
Гутерриш бардык тараптарды сабырдуулукка чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Ирандын Израилге аба соккусун айыптап, бардык тараптарды сабырдуулукка чакырды.

Гутерриш Ирандын Израилге абадан кол салуулары тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

БУУнун баш катчысы Гутерриш билдирүүсүндө : «Иран Ислам Республикасынын Израилге каршы кеңири кол салуусунан улам келип чыккан олуттуу чыңалууну катуу айыптайм»,-деп өз баасын берди.

Акыркы кол салуулар менен Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун аймакка жайылуу коркунучу бар экенине көңүл бурган Гутерриш : «Бардык тараптарды Жакынкы Чыгышта көптөгөн фронттордо аскердик кагылышууларга алып келе турган кадамдардан алыс туруу үчүн тынчтыкка чакырам»,-деп айтты.

БУУнун баш катчысы Жакынкы Чыгыш дагы, дүйнө дагы жаңы согушту көтөрө албай турганын айтты.



Тектеш кабарлар