Абдуллахиян: "Биз АКШны Израилге чабуул тууралуу эскерттик"

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян X социалдык медиа эсебинен бөлүшүлгөн билдирүүсүндө Бельгия, Нидерландия жана Түштүк Кипрдин Рум башкаруучулугунан кесиптештери менен сүйлөшкөндүгүн жарыялады.

2127347
Абдуллахиян: "Биз АКШны Израилге чабуул тууралуу эскерттик"

Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Эмир Абдуллахиян Ирандын Израилге каршы чабуулдарын улантуу ниети жок экенин, бирок мүмкүн болуучу чабуулга жооп берүүдөн тартынбай турганын билдирди.

Абдуллахиян X социалдык медиа платформасында бөлүшүлгөн билдирүүсүндө: «Мыйзамдуу коргонуу укугун колдонуу Ирандын аймактык жана эл аралык тынчтык жана коопсуздукка карата жоопкерчиликтүү мамилесин көрсөтөт»,-деп өз баасын берди.

Израилге каршы түз кол салуулардын соңуна чыкканына көңүл бурган Ирандын тышкы иштер министри : «Иран бул учурда коргонуу операцияларын улантуу ниети жок, бирок керек болсо жаңы кол салууга каршы мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодон тартынбайт»,-деди.

Ирандын тышкы иштер министри Абдуллахиян мурунку билдирүүсүндө Израилге кол салуу тууралуу АКШга  керектүү эскертүүлөрдү бергендерин билдирген.

Абдуллахиян Бельгия, Нидерландия жана Түштүк Кипрдин Рум башкаруучулугунан кесиптештери менен сүйлөшкөнүн жарыялады.

Иран парламентинин спикери Мохаммед Бакыр Калибаф да кечээ кечинде Израилге учкучсуз учуучу аппарат менен чабуул коюунун Ирандын Сириядагы консулдугуна кол салууга (1-апрелде) жооп болгонун айтты.

Калибаф Иран парламентинде депутаттардын алдында сүйлөгөн сөзүндө: «Израилге каршы аскерий кадам биздин дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кол салууга жооп болду жана Бириккен Улуттар Уюмунун эрежелерине ылайык болду»,-деп айтты.

Калибаф Израиль же аны колдогон өлкөлөр «ката» кетирсе, Иран дагы чечкиндүү жооп бере турганын билдирди.

Иран маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Ирандын коргоо министри Мохаммад Реза Аштияни да өз өлкөсүнө каршы чабуулдардан сактанууну эскертти.

Иран министри: «Израилдин Иранга кол салуусу үчүн аба жана кургактык мейкиндигин ачкан өлкөлөр бизден чечкиндүү жоопту алышат",-деп айтты.

Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлчүлүгү да Израилге абадан чабуулга байланыштуу : «Бул маселе азыр бүттү деп эсептелинет, эгер Израиль дагы бир ката кетирсе, Ирандын жообу дагы катуу болот»,- деп билдирүү жасады.

Билдирүүдө чыр-чатактын Иран менен Израилдин ортосунда экени белгиленип, «АКШ мындан алыс болушу керек»,деген баалоо жүргүзүлдү.



Тектеш кабарлар