Люфтганза Тегеранга каттамдарын токтотуу чечимин узартты

Люфтганза 10-апрелде коопсуздук максатында Тегеранга каттамдарын 11-апрелге чейин токтотконун жарыялаган.

2127182
Люфтганза Тегеранга каттамдарын токтотуу чечимин узартты

Германиянын Люфтганза авиакомпаниясы коопсуздук себептерден улам Ирандын борбор шаары Тегеранга каттамдарын токтотуу чечимин 18-апрелге чейин узартканын жарыялады.

Баалоодон кийин Тегеранга жана бул шаардан жүргүзүлө турган каттамдардын токтотулушуна чечим чыгарылганы маалымдалган билдирүүдө: «Жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын коопсуздугу ар дайым эң маанилүү алдыңкылык болуп саналат»,-деп айтылды.

Билдирүүдө Люфтганзанын мындай чечимди бир гана өкмөттүн баалоосуна таянып кабыл албаганы, учурдагы коопсуздук абалына баа берип өз алдынча чечим чыгарганы баса белгиленди.

Люфтганза 10-апрелде коопсуздук максатында Тегеранга каттамдарын 11-апрелге чейин токтотконун жарыялаган.

Люфтганзанын басма сөз кызматынын 11-апрелдеги билдирүүсүндө да коопсуздуктан улам Тегеранга каттамдарды токтотуу чечиминин 13-апрелге чейин узартылганы кабарланган.



Тектеш кабарлар