БУУ ТРТ тобуна кол салуунун иликтенишин талап кылды

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик, Израилдин ТРТ тобу да арасында болгон журналисттерге кол салуусуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2127156
БУУ ТРТ тобуна кол салуунун иликтенишин талап кылды

Бириккен Улуттар Уюму Израилдин ТРТ тобуна кол салуусунун Газадагы журналисттер дуушар болгон коркунучтарды ачык түрдө көрсөткөнүн белгилеп, окуянын ачык жана ишенимдүү иликтенишин талап кылды.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик, Израилдин ТРТ тобу да арасында болгон журналисттерге кол салуусуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Окуя тууралуу азырынча толук маалыматка ээ эмес экенин айткан Дюжаррик: «Бул окуя Газадагы журналисттердин туш болгон коркунучтарын апачык көрсөтүүдө»,-деди.

Дюжаррик: «Бул да берки окуялар сыяктуу эле ачык жана ишенимдүү түрдө иликтениши керек»,- деп билдирди.

Газада ТРТга иштеген журналисттер менен бирге Палестина, Судан жана башка бир топ жерлерде журналисттердин кыйынчылыктарга туш болгонун белгилеген Дюжаррик: «Дүйнөнүн бардык жеринде журналисттер жумушун коопсуз кылуу үчүн аракет кылууда»,-деди.

Израиль армиясы Нусайрат качкындар лагерине кол салуусунда, аймактагы окуяларга байкоо салган ТРТнын арабча тобу да арасында болгон журналисттерди бутага алган.



Тектеш кабарлар