Москвадагы синагогага кол салуу аракетине бөгөт коюлду

ФСБнын басма сөз кызматы билдирүү жасады.

2126950
Москвадагы синагогага кол салуу аракетине бөгөт коюлду

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ), борбор калаа Москвадагы синагогага кол салуунун алдын алганын кабарлады.

ФСБнын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө «Москвадагы синагогада жарандар чогулган учурда теракт жасоону пландап жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн 2002-жылы туулган бир жаранынын кылмыштуу аракетине бөгөт коюлду» деп айтылды.

Аталган кишинин синагогада чалгындоо иштерин жүргүзгөнү жана бомба үчүн түзмөктөрдү сатып алганы белгиленген билдирүүдө: «Террорист 10-апрелде кармалганда коопсуздук күчтөрүнө ок чыгарды жана таасирсиз абалга келтирилди»,-деп кошумчаланды.

Орусияда 22-мартта борбор калаа Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында куралчан кишилер тарабынан кол салуу жасалган.

Социалдык тармактардагы видолорго караганда, кол салуучулар автоматтык куралдар менен залда туш келди ок чыгарышкан.

144 адамдын өмүрүн алган террордук кол салууга байланыштуу ушул убакка чейин 11 киши камакка алынды.



Тектеш кабарлар