Украина: Орусия 5 аймактагы энергетикалык объектилерге кол салды

Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.

2126788
Украина: Орусия 5 аймактагы энергетикалык объектилерге кол салды

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын Харьков, Киев, Запорожье, Одесса жана Львов облустарындагы энергетикалык объектилерге учкучсуз учуучу аппараттар жана ракеталар менен катуу чабуул жасаганын билдирди.

Зеленский социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Орусиянын түн ичинде 40тан ашуун ракета жана 40ка жакын «Шахед» үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттар менен Украинанын аймагына кол салганын, ракета менен учкучсуз учуучу аппараттардын бир бөлүгүн гана атып түшүрүүгө жетишкенин айтты.

Орус армиясынын Украинанын энергетикалык инфраструктура объектилерин бутага алганын белгилеген Зеленский: «Харьковго дагы бир жийиркеничтүү ракеталык чабуул жасалды. Киев, Запорожье, Одесса жана Львов облустарындагы объектилер да бутага алынды»,-деп айтты.

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө түн ичинде Украинанын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан 37 учкучсуз учуучу аппараттын жок кылынганы белгиленди.

Киев облусунун Аскердик администрациясынын башчысы Руслан Кравченко социалдык тармактагы баракчасына кол салуудан жабыркагандар жана каза болгондор болбогонун билдирди.



Тектеш кабарлар