Орусия Украина армиясынын Курск облусуна чабуул койгонун билдирди

Старовойт Telegram каналында билдирүү жасап, украин армиясынын Курск облусунун Апанасовка айылына учкучсуз учуучу аппарат менен кол салганын айтты.

2126688
Орусия Украина армиясынын Курск облусуна чабуул койгонун билдирди

Орусиянын Курск облусунун губернатору Роман Старовойт, Украина армиясынын аймакка учкучсуз учуучу аппарат менен кол салуусунан 3 кишинин каза болгонун билдирди.

Старовойт Telegram каналында билдирүү жасап, украин армиясынын Курск облусунун Апанасовка айылына учкучсуз учуучу аппарат менен кол салганын айтты.

Старовойт:"Апанасовка айылында жарандык унаанын ичине украиналык учкучсуз учуучу аппараттан жардыруучу зат ыргытылды. Тилекке каршы, унаадагы 3 адам, анын ичинде 2 бала каза болду. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтам",-деди.

Украин армиясынын 9-апрелде Брянск облусунда артиллериялык системалар менен жасаган кол салуусунда 2 кишинин каза болгондугу жарыяланды.



Тектеш кабарлар