Россия : Украинанын Брянскка карата кол салуусунда 2 киши каза болду
Россиянын Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз, Украина армиясынын аймактагы кол салуусунда 2 кишинин каза болгонун билдирди.
2126581
Россиянын Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз, Украина армиясынын аймактагы кол салуусунда 2 кишинин каза болгонун билдирди.
Богомаз Телеграм каналындагы билдирүүсүндө Украинанын куралдуу күчтөрү Брянск облусундагы Климово конушуна артиллериялык системалар менен кол салганын айтты.
Кол салууда бирөөсү бала болгон 2 кишинин каза болгонун, 3 кишинин жараланганын белгилеген Богомаз, жаралууларга медициналык жардам көрсөтүлгөндүгүн белгиледи.
Богомаз кол салуунун натыйжасында бир үйдө өрт чыкканын, издөө-куткаруу топторунун окуя болгон жерде иштерин улантып жаткандыгын айтты.