Дүйнөдө суу булгануусу көп болгон аймактардын картасы чыгарылды

Жаңы изилдөө менен жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларда "чексиз химиялык заттардын" кооптуу концентрациясы болгон  аймактар табылды.

2126585
Дүйнөдө суу булгануусу көп болгон аймактардын картасы чыгарылды

Жаңы изилдөө менен жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларда "чексиз химиялык заттардын" кооптуу концентрациясы болгон  аймактар табылды.  

CBC Newsтин кабарына караганда, Nature Geoscience (Нейчр Жиосайнс) журналында жарыяланган макалада дүйнө жүзү боюнча 45 миң суу үлгүсүнөн алынган маалыматтарга караганда, суунун үлгүлөрүнүн "бир кыйла бөлүгүндө" «чексиз химиялык заттар» деп да аталган перфторалкил жана полифторалкил заттардын (PFAS) сунуш кылынган деңгээлден жогору экени аныкталды.

Бул заттар жер үстүндөгү сууларда жана эл ичүү үчүн пайдаланган жер астындагы сууларда көп экени аныкталды.

Дүйнөдөгү суунун булганышы күчтүү болгон аймактардын картасы түзүлгөн изилдөөдө Австралия, АКШ жана Европа негизги аймактар катары аныкталды.

Изилдөөнүн авторлорунун бири Денис О'Кэррол : "Булак  сууларыбыздын көбүндө  перфторалкил жана полифторалкил  чегинен жогору",-  деди.

Изилдөө көрсөткөндөй, дүйнөнүн булуң-бурчунан алынган жер астындагы суулардын үлгүлөрүнүн 69 пайызы Канаданын минималдуу стандарттарынан, 6 пайызы Европа Биримдигинин стандарттарынан ашкан.

 



Тектеш кабарлар