ДССУ : Гепатит В жана С инфекцияларынан күн сайын 3 миң 500 киши каза болууда

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму жарыялаган«2024 Глобалдык гепатит отчетунда» гепатиттен каза болгондордун санынын көбөйгондугу маалымдалды.

2126583
ДССУ : Гепатит В жана С инфекцияларынан  күн сайын  3 миң  500 киши каза болууда

Дүйнө боюнча гепатит В жана С инфекцияларынан  күн сайын 3 миң 500 киши каза болууда.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму жарыялаган«2024 Глобалдык гепатит отчетунда» гепатиттен каза болгондордун санынын көбөйгөндугу маалымдалды.

Отчетто жыл сайын 1 миллион 300 миң адамдын вирустук гепатиттен каза болгону белгиленип, дүйнө жүзү боюнча жугуштуу оорулардан каза болгондордун экинчи себеби гепатит экени белгиленди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму 187 өлкөдөн алган жаңы маалыматтарга ылайык, вирустук гепатиттен каза болгондордун болжолдуу саны 2019 - жылдагы 1,1 миллиондон 2022 - жылы 1,3 миллионго чейин көбөйгөндүгү белгиленген отчетто : «Бул өлүмдөрдүн 83 пайызы гепатит В, 17 пайызы С гепатитинен болгон. Күн сайын дүйнө жүзү боюнча 3 миң 500 адам В жана С гепатитинин инфекцияларынан каза болууда",- деп айтылды.

Отчетто божомолдордун  2022 -  жылы  254 миллион кишинин гепатит В, 50 миллион кишинин гепатит С менен жашап жаткандыгы да билдирилди.

Өзгөчө отчетто өнөкөт В жана С инфекцияларынын жарымынын  30 – 54  жаш арасындагы кишилер, 12 пайызынын 18 жашка чейинки балдар экендиги билдирилди.

 



Тектеш кабарлар