Израилдин кол салуусунда Аль-Магази шаарынын мэри Хатим Салих ал-Гамри каза болду

Газадагы өкмөт Израиль армиясынын мэр Гамрини өлтүрүшүн башаламандык жаратууну жана гуманитардык кризисти курчутууну көздөгөн согуш кылмышы катары мүнөздөдү.

2126237
Израилдин кол салуусунда Аль-Магази шаарынын мэри Хатим Салих ал-Гамри  каза болду

Израилдин аскердик учактарынын Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Аль-Магази качкындар лагериндеги муниципалдык жалпы кызматтардын имаратын түз бомбалоосунун натыйжасында Аль-Магази шаарынын мэри Хатим Салих ал-Гамри жана көптөгөн палестиналык каза болду.

Газадагы өкмөттүн басма сөз кеңсесинен жасалган билдирүүдө Израиль согуштук учактарынын Аль-Магази качкындар лагериндеги муниципалдык жалпы кызматтар имаратын түздөн-түз бутага алганы белгиленди.

Билдирүүдө кол салуунун натыйжасында шаар мэри Гамри да болгон көп сандаган палестиналыктын каза болгондугу жана көп сандаган кишинин жараланганы маалымдалды.

Газадагы өкмөт Израиль армиясынын мэр Гамрини өлтүрүшүн башаламандык жаратууну жана гуманитардык кризисти курчутууну көздөгөн согуш кылмышы катары мүнөздөдү.

 



Тектеш кабарлар