АКШлык сенатор : "Израилдин Газа кол салууларына кыргын катары каралат"

Америкалык сенатор Элизабет Уоррен  Израилдин Газадагы кол салууларына мыйзамдуу түрдө «геноцид» катары караларын айтты.

2126285
АКШлык сенатор : "Израилдин Газа кол салууларына кыргын катары каралат"

Америкалык сенатор Элизабет Уоррен  Израилдин Газадагы кол салууларына мыйзамдуу түрдө «геноцид» катары караларын айтты.

Массачусетс штатынын демократ сенатору Уоррен округунда катышкан жыйында Израилдин Газадагы кол салууларынын укуктук маанисине баа берди.

Американын Politico интернет сайтында орун алган кабарга караганда, Уоррен Эл аралык Адилет Сотунда (ICJ) уланып жаткан «геноцид» иши тууралуу: "Муну мыйзамга колдонсоңуз, алар (соттор) муну геноцид катары аныкташат деп ишенем жана аларда бул үчүн көптөгөн материалдар бар",- деди.

Америкалык сенатордун басма сөз кызматы Уоррендин «Израиль геноцид кылдыбы же кылбадыбы» деген темада эмес, Эл аралык Сотто уланып жаткан иш боюнча жеке юридикалык баа бергенин жарыялады.

Социалдык медиада Уоррендин Газа тууралуу билдирүүсүн колдогон көптөгөн колдонуучу : «АКШ эмне үчүн  Израилге курал жөнөтүп жатат?» деген суроолорду бөлүшүп, АКШ Конгрессинин бул темада кадам таштоосу керектигин белгилешти.

Түштүк Африка Республикасы 2023-жылдын 29-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун геноцидди алдын алуу жана жазалоо боюнча 1948-жылкы Конвенциясын бузган деген жүйө менен Израилге каршы Эл аралык Сотко доо арыз менен кайрылган.

 



Тектеш кабарлар