АКШ Йеменде хуситтерге таандык коргонуу системасын атты

CENTCOMдун  Х социалдык медиа платформасынан бул тууралуу маалымат берилди.

2126239
АКШ Йеменде хуситтерге таандык  коргонуу системасын атты

АКШнын Йемендеги Иран колдогон хуситтерге таандык абадан коргонуу системасы, жерди көзөмөлдөө станциясы жана Кызыл деңиз аркылуу учурулган бир учкучсуз учуучу аппарат системасын жардыргандыгын жарыялады. АКШ Борбордук күч командирлигинин (CENTCOM)  Х социалдык медиа платформасынан бул тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө кечээ хуситтер тарабынан көзөмөлгө алынган аймактарда учурулууга даяр эки ракеталуу абадан коргонуу системасы жана жерди көзөмөлдөө станциясынын атылгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө хуситтер тарабынан учурулган учкучсуз учуучу аппарат системасынын да жок кылынганы, хуситтердин 7 - апрелде коалиция күчтөрүнө таандык кемени көздөй кемеге каршы баллистикалык ракета атылганы белгиленди.

CENTCOM билдирген башка бирк абарда "C-130"  үлгүсүндөгү аскердик учак менен Газанын түндүгүнө ичинде кургак азыктар болгон гуманитардык жардамдын түшүрүлгөндүгүн билдирди.  



Тектеш кабарлар