2024 - жылдын биринчи күн тутулушу

Түндүк Америка континентинде жылдын биринчи «күндүн толук тутулушун» Мексикада, АКШда жана Канадада миллиондогон адам байкады.

2126291
2024 -  жылдын биринчи күн тутулушу

Түндүк Америка континентинде жылдын биринчи «күндүн толук тутулушун» Мексикада, АКШда жана Канадада миллиондогон адам байкады.

Мексиканын Мазатлан ​​шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.07де башталган күндүн тутулуусу АКШнын түндүк-чыгыш тарабына жылып, Канадада саат 17.16да аяктады.

Америка Кошмо Штаттарынын 13 штатындагы жүздөгөн шаар жана кичи шаарчалардагы миллиондогон адамдар бул тарыхый табигый кубулушка атайын көз айнектер жана телескоптор менен күбө болушту.

Толук тутулуу болжол менен 6  миң  437 километр узундукта, болжол менен 44 миллион адам жашаган Мексика, АКШ жана Канада аркылуу  186 километр болгон маршруттан өттү.

Адамдар бул маршруттун ичинде «күндүн толук тутулушуна» күбө болушса, бул жолдун сыртында да жарым-жартылай тутулуу байкалды.

Айдын Жер менен Күндүн ортосунан өтүүсү менен пайда болгон күндүн тутулушун көрүү үчүн, өзгөчө, толук тутулуу боло турган аймактарга миллиондогон адамдар барды.

2024 – жылдын экинчи тутулуусу Чили жана Аргентинанын  түштүгүндө шакекче түрүндөгү күн тутулушу  2 -  октябрда ишке ашат.

АКШда кийинки күн тутулушу  2044 – жылы болот.

Акыркы  жолу 2021 -  жыл  10 -  июнда Түндүк жарым шарда астрономдор «от чамбары» деп атаган 2021 -  жылдын күн тутулушу ишке ашкан.

 



Тектеш кабарлар