Украинадагы Россиянын көзөмөлүндөгү Запорожье атомдук станциясына 3 жолу кол салуу болду

Россия ТЭЦке учкучсуз учуучу аппараттар менен  жасалган кол салууларда 3 кишинин жараланганын жарыялады.

2125833
Украинадагы Россиянын көзөмөлүндөгү Запорожье атомдук станциясына 3 жолу кол салуу болду

Украинадагы Россиянын көзөмөлүндөгү Запорожье атомдук станциясына учкучсуз учуучу аппараттар менен 3 жолу кол салуу болду.

Россия ТЭЦке учкучсуз учуучу аппараттар менен  жасалган кол салууларда 3 кишинин жараланганын жарыялады.

Ошондой эле ТЭЦтин ар кайсы бөлүктөрүнүн жабыркаганы айтылды.

Кол салуулардан улам мекемеде жана аймакта радиация деңгээлинде өзгөрүү болбогону белгиленди.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик да электр станциясына жасалган чабуулдарды тастыктады.

Запорожье атомдук электр станциясындагы башкы реактордун айланасындагы структураларга кеминде 3 жолу чабуул жасалганы кабарланды.

Атомдук  объектилерди коргоонун негизги принциптерин бузган ар кандай аракеттерден алыс болууга чакыруу салынды. 

Бир тараптан Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын 15 учкучсуз учак менен Рссиянын аймагына кол салуу аракетине бөгөт коюлганын жарыялады.

Учкучсуз учуучу аппараттарынын  Россиянын абадан коргонуу системалары тарабынан жок кылынганы белгиленди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бир канча убакыттан бери Россиянын катуу кол салууларына дуушар болгон Харьков шаарына байланыштуу билдирүү жасады.

"Дүйнө Харьковго жасалган чабуулдун кыйынчылыгын сезиши керек",- деген  Зеленский абадан коргонуу системасына жардам берүү суранычын кайталады.

Зеленский ошондой эле акыркы апталарда Россиянын ракеталык чабуулдарынан олуттуу зыян тарткан Украинанын энергетика системасындагы көйгөйлөрдүн чоң деңгээлде чечилгенин белгиледи.

 



Тектеш кабарлар