Түштүк Корея экинчи чалгындоо спутнигин учурду

Түштүк Кореянын коргоо министрлиги өлкөнүн экинчи чалгындоо спутнигинин учурулганына байланыштуу билдирүү жасады.

2125942
Түштүк Корея экинчи чалгындоо спутнигин учурду

Түштүк Корея экинчи чалгындоо спутнигин ийгиликтүү учурду.

Түштүк Кореянын коргоо министрлиги өлкөнүн экинчи чалгындоо спутнигинин учурулганына байланыштуу билдирүү жасады.

Министрликтин билдирүүсүндө, Америка Кошмо Штаттарынын  Флорида шаарындагы Кеннеди космостук борборунан SpaceX космостук транспорт фирмасынын "Falcon 9" ракетасы менен ийгиликтүү учурулган спутниктин орбитага болжол менен 45 мүнөттөн кийин киргени белгиленди.

Билдирүүдө, спутник учурулгандан кийин болжол менен 2 саат 40 мүнөттүн ичинде жердеги станция менен байланышка чыкканы маалымдалды.

Коргоо министри Шин Вон-сик да пресс  - жыйынында Түндүк Корея да ушул айда экинчи чалгындоо спутнигин учурушу мүмкүн экенин билдирди.

Түштүк Корея 2023 - жылдын 1 - декабрында штаб - квартирасы АКШда жайгашкан SpaceX тарабынан чыгарылган "Falcon 9" аттуу ракетасы ташыган чалгындоо спутнигин учурган.

Түштүк Корея 2025 - жылга чейин космоско дагы төрт чалгындоо спутнигин жиберүүнү пландоодо.

Түндүк Кореянын  2023 - жылдын 21 - ноябрында Түштүк Кореяга  карай чалгындоо спутнигин ташыган ракетаны учургандан кийин лидер Ким Чен Ын быйыл дагы 3 чалгындоо спутнигин учура тургандарын жарыялаган.

 

 



Тектеш кабарлар