Нигерияда уурдалган 100дөн ашуун киши куткарылды

Нигерияда өлүм жазасы болгонуна карабастан кун үчүн адам уурдоо көп кездешүүдө.

2125869
Нигерияда уурдалган 100дөн ашуун киши куткарылды

Нигерия полициясы өткөн айда Катсина штатында жүргүзүлгөн операцияларда кун үчүн барымтага алынган 100дөн ашуун кишинин куткарылгандыгын билдирди. Катсина штатынын полициясынын басма сөз катчысы Абубакар Садык Алию өз билдирүүсүндө, полициянын 1 - марттан 31 - мартка чейин штаттын ар кайсы аймактарында куралдуу банда мүчөлөрүнө каршы операцияларды жүргүзгөндүгүн белгиледи. Алию операциялар учурунда кун үчүн барымтага алынган 100дөн ашуун кишинин куткарылгандыгын айтты.

Операцияларда 5 куралдуу банда мүчөсүнүн жок кылынганын белгилеген Алию, 64 куралдуу банда мүчөсүнүн колго түшкөнүн билдирди..

Нигерия түрдүү аймактардагы куралдуу бандалардын кол салуулары менен бирге террордук уюмдар Боко Харам жана ДЕАШтын Батыш Африка бутагы ISWAP менен күрөшүүдө.

Нигерияда өлүм жазасы болгонуна карабастан кун үчүн адам уурдоо көп кездешүүдө.

 

 



Тектеш кабарлар