Кытай АКШнын биргелешкен аскердик машыгуусуна каршылык көрсөттү

Кытай армиясы АКШнын  Филиппин, Япония жана Австралия менен биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүп жаткан Түштүк Кытай деңизинде күзөт иштерин жүргүзө турганын жарыялады.

2125946

Кытай Элдик Боштондук Армиясынын Түштүк Фронт командирлигинин билдирүүсүндө, командирликке караштуу  аба жана деңиз күчтөрүнүн Түштүк Кытай деңизинде «биргелешкен согуштук патрулдук» иштерин жүргүзө турганы белгиленди.

Билдирүүдө АКШ жана башка өлкөлөрдүн аттары аталбастан, «аймактагы абалды саботаж кылуу жана кризистик чекиттерди түзүүгө багытталган аскердик иш - аракеттердин көзөмөлгө алынганы» белгиленди.

4 өлкөнүн коргоо министрлери кечээ жарыялаган биргелешкен билдирүүдө Түштүк Кытай деңизинде “мыйзамдын үстөмдүгүн, навигация жана учуу укуктарын коргоо үчүн” биргелешкен машыгуу өткөрө  тургандарын жарыялашкан.

Машыгуунун «Батыш Филиппин деңизи» деп аталган аймакта, Түштүк Кытай деңизинин түндүгүндө, Кытай менен Филиппиндин ортосундагы эгемендик талашы болгон жана акыркы убакта чыңалуу орун алган аймакта өткөрүлөрү билдирилди.

Түштүк Кытай деңизи жээктеш өлкөлөр эгемендүүлүккө жетишкен Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийин аймактагы өлкөлөрдүн эгемендик талаштарынын чордонунда.

Тектеш кабарлар