Израиль  183 күндөн бери Газаны аткылоодо

7 -  октябрдан бери  өлтүрүлгөн палестиналыктын саны 33 миң  200гө жетти.

2125832
Израиль  183 күндөн бери Газаны аткылоодо

Израиль армиясы жер менен жексен кылгандан кийин чыккан Хан Юнус урандыга жана күлгө айланды.

Израиль армиясы төрт айга жакын убакыттан бери кургактан жасалган чабуул менен урандыга айланган Хан Юнустан «Рафахка кол салууга даярдануу үчүн» чегингенин жарыялады.

Израилдин кол салууларынан мурда жашаган үйлөрүнө кайтып келген палестиналыктар көргөндөрүнө таң калышты.

Газада ок атышпоо жана туткун алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.

Египет басма сөзү  Газада ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш болгонун жарыялады.

Ел Кахире News каналы египеттик дипломатиялык булактарга таянып, бардык тараптардын ортосунда негизги пункттар боюнча макулдашууга жетишкенин билдирди.

Тараптардын Египеттин борбор шаары Каирден чыгып, акыркы келишим үчүн бир нече күндүн ичинде Каирге кайтып келери белгиленди.

Палестиналык топтордун Израиль армиясына каршылык көрсөтүүсү уланууда.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары дагы бир жолу Газада Израиль армиясынын танктарына сокку урган сүрөттөрүн бөлүштү.

Израилдин Ливандагы Хизбуллах буталарына кол салуулары уланууда.

Израиль армиясынын Ливандын түштүк аймактарына жасаган кол салуусунда Хизбуллахтын элита күчтөрүнүн командири да болгон 3 Хизбулла  мүчөсүнүн каза болгондугу жарыяланды.



Тектеш кабарлар