Дерада режим күчтөрүнүн ичинде кагылышуу чыкты

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматтарга караганда Дерага караштуу Санамейн районунда Асад режимине караштуу "Шеббиха" күчтөрүнүн эки тобунун ортосунда кагылышуу чыкты.

2125915
Дерада  режим күчтөрүнүн ичинде кагылышуу чыкты

Сириянын түштүгүндөгү Дера облусунда Башар Асад режими армиясынын "Шеббиха" аттуу куралдуу  күчтөрүнөн эки топтун ортосунда белгисиз себеп менен чыккан кагылышууда араларында аялдар жана балдар да болгон  17 киши каза болду. 

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматтарга караганда Дерага караштуу Санамейн районунда Асад режимине караштуу "Шеббиха" күчтөрүнүн эки тобунун ортосунда кагылышуу чыкты.

Санамейн районундагы Жура мааласында аскердик  чалгындоо менен аскердик коопсуздук бөлүктөрүнө караштуу эки топтун ортосундагы кагылышууда жеңил жана орточо аралыкка атуучу куралдар колдонулду. 

Кечке чейин маал - маалы менен уланган кагылышууда 2 бала жана 1 аял болгон 17 адам каза болду.

Райондо чыңалуу уланууда.

Жакынкы Чыгыштагы “араб жазынын” толкуну Сирияга жайылып, 2011-жылдын 15-мартында бир топ студенттер окуу жайдын дубалына “Эй доктор (Башар Асад) эми сенин кезегиң” деп жазгандан кийин элдик көтөрүлүш башталган  Дерада шаарды оппозиция бир нече жылдар бою басып алган.

Бирок режим Россиянын ортомчулугу менен 2018-жылдын июль айында блокадага жана катуу кол салууга дуушар болгон Дерада оппозиция менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, аймакта калууну каалагандар келишимге кол коюп, оор куралдарын режимге өткөрүп берген, келишүүдөн баш тарткан топтор аргасыз миграция аркылуу өлкөнүн түндүгүнө жөнөтүлгөн.

Дерадан чыкпаган  оппозициячыл топтор режим бөлүктөрү кирген  Тафас, Дера ел-Балед жана Басра Дамаск сыяктуу  аймактарда жеңил куралдар менен согушууда.

 



Тектеш кабарлар