Кытай кемелери Япониянын аймактык сууларын бузганы айтылууда

Мамлекеттик NHK телеканалынын маалыматына караганда, акыркы окуя быйыл Сенкакунун айланасында кытай элементтеринин Япониянын аймактык сууларын  8 - бузуусу болуп  катталды

2125751
Кытай кемелери Япониянын аймактык сууларын бузганы айтылууда

Кытайга таандык эки жээк коопсуздук кемесинин Чыгыш Кытай деңизиндеги талаш  - тартыштуу Сенкаку  архипелагынын айланасында Япониянын аймактык сууларын бузганы айтылууда.

Окинава штатынын Наха районундагы  11 -  аймактык жээк коопсуздук штабынын билдиргенине караганда Уоцури жана Минами-кодзи аралдарына жакындап аймакта  31 саат болгон Кытайга таандык кемелер Япон жээк коопсуздугунун эскертүүлөрүнөн кийин аймактан чыкты. 

Мамлекеттик NHK телеканалынын маалыматына караганда, акыркы окуя быйыл Сенкакунун айланасында кытай элементтеринин Япониянын аймактык сууларын  8 - бузуусу болуп  катталды.

Япония «Сенкаку», Кытай «Дяою» деп атаган архипелаг Чыгыш Кытай деңизинде, Кытайдын чыгыш жээгинде жана Япониянын түштүк-батыш жээгинде жайгашкан.

5 арал жана 3 аскадан турган Японияга таандык болгон,  Кытай талашкан  адам жашабаган аймак  көптөн бери эгемендик талаш-тартыштарына жол ачууда. 

 



Тектеш кабарлар