Грузияда атуу полигонунда жарылуу болду

Жарылууда 2 кишинин каза болгону, 4 кишинин жараланганы, жаракат алгандардын ооруканага жеткирилгендиги белгиленди.

2125822
Грузияда атуу полигонунда жарылуу болду

Грузиянын борбор шаары Тбилисиде курал базарына таандык жабык ок ​​атуучу полигондо болгон жарылууда 2 киши каза болуп, 4 киши жараланды.

Грузиянын Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Тбилисиде иш алып барган  «Battleground»  аттуу курал саткан дүкөндүн атуу полигонунда белгисиз себептерден улам жарылуунун болгондугу белгиленди.

Билдирүүдө Бочорма көчөсүндө жайгашкан имаратта болгон жарылууда 2 кишинин каза болгону, 4 кишинин жараланганы, жаракат алгандардын ооруканага жеткирилгендиги маалымдалды. 

 

 



Тектеш кабарлар