Газада Израилдин 4 аскери каза болду
Израиль армиясынын Газа тилкесине кол салуулары башталган 2023-жылдын 7-октябрынан бери 604 аскер каза болду алардын ичинен 260 аскер кургактык басып алуу процессинде каза болду.
Израиль армиясы Газа тилкесинин түштүгүндөгү кагылышууда бир капитан менен кошо 4 аскеринин каза болгонун жарыялады. Израиль армиясынын билдирүүсүнө караганда, Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус аймагында кечээ түштө палестиналык топтор менен Израиль аскерлеринин ортосунда кагылышуу чыкты. Кагылышууда бири капитан болгон 4 израилдик аскер казат болду.
Израиль армиясынын Газа тилкесине кол салуулары башталган 2023-жылдын 7-октябрынан бери 604 аскер каза болду алардын ичинен 260 аскер кургактык басып алуу процессинде каза болду.
Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында 33 миң 137 палестиналык каза болуп, алардын ичинен кеминде 14 500 бала, 9 560 аял болгон. 75 миң 815 киши жараланды.
Урандылардын астында дагы миңдеген сөөктүн бар экендиги билдирилип, эл баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.