Орусия: Донецктеги Водяное конушун көзөмөлгө алдык

Министрликтин билдирүүсүндө орус армиясынын Украинадагы аракеттери тууралуу маалымат берилди.

2125483
Орусия: Донецктеги Водяное конушун көзөмөлгө алдык

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Донецк аймагындагы Водяное конушун көзөмөлгө алганын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө орус армиясынын Украинадагы аракеттери тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Украинанын Орусия аймагындагы мунай, газ жана энергетика объектилерине зыян келтирүү аракетине 31-марттан 5-апрелге чейин жооп кайтарылганы белгиленип, «Орусиянын Куралдуу Күчтөрү абадан жана жерден учуучу жогорку тактыктагы курал-жарактарды жана учкучсуз учуучу аппараттарды (УУА) Украинанын энергетикалык инфраструктурасы, ошондой эле аскердик жана өнөр жай ишканаларынын объектилери, абадан коргонуу системаларынын машиналары, күйүүчү май кампалары, украин аскерлери жана чет элдик жалданма аскерлер убактылуу жайгашкан пункттарга 39 топтук чабуул жасады. Чабуулдар максатына жетип, бардык буталар атылды»,деп берилди.

Билдирүүдө орус армиясынын Донбасста Украина коргонуусунун тереңине карай илгерилешин жана пайдалуу позицияларды көзөмөлгө алууну улантканы белгиленип, Авдеевка багытындагы "Центр" аскерлери Донецктеги Водяное конушун басып алганы тууралуу маалымат бөлүшүлдү.

Орус аскерлеринин бир жуманын ичинде аба мейкиндигинде Украина аба күчтөрүнө таандык 3 Су-25 согуштук учагын жана 5 С-300 зениттик-ракеталык комплексин жок кылганы белгиленген билдирүүдө,«Орусиянын учактары жана абадан коргонуу системалары, Украина аба күчтөрүнө таандык 2 Су-27 жана 1 Миг-29 согуштук учагы, 5 Хаммер жана JDAM абадан башкарылуучу бомба, HIMARS, Vampire жана Uragan системаларынан учурулган 91 ракета жана 1119 учкучсуз учуучу аппарат жок кылынды»,деген маалыматтар камтылган.



Тектеш кабарлар