Трамп Израилди чабуулдарды токтотууга чакырды

Дональд Трамп, радио алып баруучу Хью Хьюитт менен маегинде, Израилдин 7-октябрдан берки Газага чабуулдарын жана АКШнын президенти Жо Байдендин саясатын сынга алды.

2125204
Трамп Израилди чабуулдарды токтотууга чакырды

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Израилди "Газага кол салууларды тезирээк токтот" деп эскертти.

Дональд Трамп, радио алып баруучу Хью Хьюитт менен маегинде, Израилдин 7-октябрдан берки Газага чабуулдарын жана АКШнын президенти Жо Байдендин саясатын сынга алды.

Израиль өкмөтүнө эскертүү берген Трамп: «Абдан ачык айта турган нерсем бул: муну (кол салууларды) соңуна чыгарып, тынчтыкка кайталы жана адамдарды өлтүрүүнү токтотолу»,-деп айтып, Газага кол салууларды токтотуу зарылдыгын баса белгиледи.

Израиль армиясынын кол салууларда талкаланган имараттардын видеолорун бөлүшүүсүнө да реакция кылган Трамп: «Мен жек көргөн дагы бир нерсе, тынымсыз видеолорду жарыялап жатышат. Ар түнү кыйраган имараттын көрүнүштөрүн көрсөтүшүүдө. Мындай видеолор жарыяланбашы керек. Ошондуктан алар коомдук мамилелер согушунан утулуп жатышат»,- деди.

Газага кол салуулардын «мүмкүн болушунча тезирээк бүтүшү» жана «тынчтыктын кайтарылышы керек» экенин белгилеген Трамп: «Израиль абдан этият болушу керек деп айтам, анткени дүйнөнүн чоң бөлүгүн жоготуп жатасыңар. Көптөгөн колдоону жоготуп жатасыңар»,-деди.

5-ноябрда боло турган президенттик шайлоого байланыштуу да АКШнын президенти Байденге шылтеме кылган Дональд Трамп: «Бул келесоо президентибиздин айынан бүткүл дүйнөдө баш аламандык болууда»,-деп айтты.

Трамп: «Эгер тарыхтагы эң начар он президентти чогулткан болсоңуз, алар бул кишинин өлкөбүзгө келтирген зыянын кыла алмак эмес. Ушул убакка чейин 15 миллион адамдын чек арадан өтүшүнө уруксат бергени акылсыздык, балким андан да көп адамдар. Уч жарым жылдын ичинде мамлекетибизге кылгандары акылга сыйбаган нерсе»,-деди.



Тектеш кабарлар