Израиль Газага карата гуманитардык жардамдардын көбөйтүлүшүн кабыл алды

Израилдин мамлекеттик телеканалы KAN, Согуш кабинетинде Газадагы гуманитардык кризис үчүн аймакка жардамды көбөйтүү үчүн чараларды көргөнүн жарыялады.

2125319
Израиль Газага карата гуманитардык жардамдардын көбөйтүлүшүн кабыл алды

Израиль 7-октябрдан бери чабуул жасап жаткан блокададагы Газа тилкесине гуманитардык жардамды көбөйтүүнү кабыл алды.

Израилдин мамлекеттик телеканалы KAN, Согуш кабинетинде Газадагы гуманитардык кризис үчүн аймакка жардамды көбөйтүү үчүн чараларды көргөнүн жарыялады.

Гуманитардык жардамдын Ашдод порту жана Бейт Ханун (Эрез) чек ара дарбазасы аркылуу аймакка убактылуу жеткирилишине, Иордания аркылуу өткөн жардамдардын дагы Керем Абу Салим (Шалом) чек ара капкасынан өтүшүнө уруксат берилери белгиленди.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, АКШнын  президенти Жо Байден Израилдин премьер - министри Биньямин Нетаньяху менен кечээ болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Газада иштеген гуманитардык жардам кызматкерлерине карата кол салуулардын «кабыл алынгыс» экендигин жана АКШнын мындан кийин Израилге бере турган жардамдардын «жарандарды коргоого карата кадамдарды таштоосуна» карата болорун айткан.  



Тектеш кабарлар