Гаитиде өзгөчө кырдаал узартылды

Гаитиде кылмыштуу топтор себеп болгон зомбулук менен күрөшүүнүн алкагында жарыяланган өзгөчө кырдаалды дагы  1 айга узартуу чечими чыгарылды.

2125264
Гаитиде өзгөчө кырдаал узартылды

 Гаитиде кылмыштуу топтор себеп болгон зомбулук менен күрөшүүнүн алкагында жарыяланган өзгөчө кырдаалды дагы  1 айга узартуу чечими чыгарылды.

Убактылуу президенттик аппараттын билдирүүсүндө коомдук тартипти орнотуу жана коопсуздукту камсыздоо максатында өзгөчө кырдаал режими 1 айга узартылганы айтылды.

Билдирүүдө коменданттык сааттын борбор шаар Порт-о-Пренс менен өлкөнүн батыш аймагында жергиликтүү убакыт боюнча саат 19.00-06.00 аралыгында улана турганы, коопсуздук күчтөрүнүн кеңири чараларды көрө турганы белгиленди.

Гаитинин премьер-министри Ариэль Генринин кызматтан кетишин талап кылган куралдуу бандалар 2  - жана 3-мартта Порт-о-Пренс жана Круас де Букет аймагына жакын жердеги эки түрмөгө куралдуу кол салууларды жасап, коопсуздук күчтөрү менен кагылышкан. Кагылышууларда 4 миңдей туткун түрмөдөн качып, 12 киши каза болгон.

4-мартта өкмөт абактан качкан кылмышкерлерди кармоо үчүн 72 сааттык өзгөчө кырдаал жарыяланганын жана белгилүү сааттарда коменданттык саат киргизилерин белгилеген. Качкан туткундарды кармоо үчүн 4 -  мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал 7- мартта бир айга узартылган.

Америка континентинин эң жакыр өлкөлөрүнүн бири болгон Гаити бандалардын зомбулугу жана бийлик боштугунан улам экономикалык кыйроонун алдында турат. Көп жылдардан бери саясий, экономикалык жана коопсуздук кризистер сыяктуу негизги көйгөйлөр менен күрөшүп келген Гаитиде 11 миллиондон ашуун калк үчүн ачарчылык коркунучу бар.



Тектеш кабарлар