Дүйнөдөгү эң кары киши

Экинчи Дүйнөлүк Согуштун (1939-1945) ардагери жана пенсиядагы бухгалтер Тиннисвуд, 2020-жылдын 25-сентябрынан бери Улуу Британиянын эң улгайган адамы наамына да ээ.

2125160
Дүйнөдөгү эң кары киши

114 жаштагы венесуэлалык Хуан Висенте Перес Мора каза болгондон кийин Британияда жашаган 111 жаштагы Жон Тиннисвуд дүйнөдөгү эң кары киши болуп калды.

Британиялык The Sun гезитинин жазганына караганда, 1912-жылы туулган Тиннисвуд өзүнүн узак жашоосунун сырын «баарын ченем менен жасоо» деп жыйынтыктады.

Тиннисвуд ар жума күнү балык жана куурулган картошка жей турганын, жашоосунун активдүү экенин билдирди.

Экинчи Дүйнөлүк Согуштун (1939-1945) ардагери жана пенсиядагы бухгалтер Тиннисвуд, 2020-жылдын 25-сентябрынан бери Улуу Британиянын эң улгайган адамы наамына да ээ.

Тиннисвуд ханыша Елизавета II менен эки жолу жолугуп, акыркы туулган күнүндө король Чарльз III менен ханыша Камилладан куттуктоо баракчаларын алган.



Тектеш кабарлар