Дамаск консулдугуна кол салууда каза болгон аскерлерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Аземде АКШга жана Израилге каршы ураандар чакырылды.

2125265
Дамаск консулдугуна кол салууда каза болгон аскерлерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Ирандын борбор шаары Тегеранда, Дамаск консулдугуна жасалган кол салууда каза болгон Революциялык сакчылар армиясынын жоокерлерин акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөрүлдү.

Ирандын мамлекеттик телеканалынын маалыматына караганда, "Дүйнөлүк Кудс күнү" иш-чараларынын алкагында Тегерандын Фирдоуси аянтында каза болгон аскерлерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Аземде АКШга жана Израилге каршы ураандар чакырылды.

Израиль 1-апрелде Ирандын Дамасктагы элчилигинин кампусунда жайгашкан консулдуктун имаратына абадан чабуул жасаган.

Кол салууда Ирандын Революциялык гвардия армиясынан 7 киши, анын ичинде 2 генерал каза тапкан.

Кол салууда 6 сириялык жарандын да каза болгондугу билдирилген.

Рамазан айынын акыркы жума күнү Иранда “Дүйнөлүк Кудс күнү” катары белгиленет.



Тектеш кабарлар