Байден жана Блинкен Нетаньяхуну эскертти

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Жо Байден Беньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөштү жана Газадагы акыркы абалдарды талкуулашты.

2125248
Байден жана Блинкен Нетаньяхуну эскертти

Америка Кошмо Штаттарынын   президенти Жо Байден Израилдин премьер - министри Биньямин Нетаньяхуга  мындан кийин өлкөсүнө бере турган жардамдардын  "жарандарды коргоо боюнча кадамдардын ташталышына" карай тургандарын айтты.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Жо Байден Беньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөштү жана Газадагы акыркы абалдарды талкуулашты.

Сүйлөшүүдө Байден World Central Kitchen (WCK) деп аталган эл аралык жардам уюмунун 7 кызматкеринин Израиль тарабынан өлтүрүлүшүнө токтолуп, аймакта иштеген World Central Kitchen (WCK) жана башка гуманитардык жардам уюмдарына жасалган кол салуулар менен Газадагы гуманитардык абалдын «кабыл алынгсы» экендигин баса белгиледи.  

Израилдин жарандык жоготуулар, гуманитардык жардам жана жардам кызматкерлерин коргоо темаларында так жана өлчөөгө боло турган кадамдарды таштоосун  күткөндөрүн белгилеген Байден Газада гуманитардык абалдын оңдолушу жана күнөөсүз жарандардын коргоого алынышы үчүн «дароо ок атышпоонун керектүү экендигин» белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да Израилдин Газадагы жарандарды жана гуманитардык жардам кызматкерлерин коргоо үчүн тез арада «конкреттүү, деталдуу жана өлчөнө турган» кадамдарды жарыялоосун күткөндөрүн белгилеп: «Эгер Газада керектүү өзгөрүүлөрдү көрбөсөк саясатыбызда өзгөрүү болот»,- деди.

Блинкен Брюсселдеги НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынан киийн өткөргөн пресс  - жыйынында Газада чукул түрдө ок атышпоонун түзүлүшү керектигин белгилеп, мунун туткундардын бошотулушу, жарандардын корголушу, гуманитардык жардамды арттыруу үчүн мааниге ээ экендигин айтты.



Тектеш кабарлар