Швецияда 68 жылдагы эң суук апрель

2-апрель күнү эртең менен Никкалуоктада абанын температурасы 34,5 градус суук болду.

2124611
Швецияда 68 жылдагы эң суук апрель

Швецияда акыркы 68 жылдагы апрель айынын эң төмөнкү аба температурасынын 2-апрелде 34,5 градус суук менен Норрботтен аймагындагы Кируна шаарынын Никкалуокта кыштагында өлчөнгөнү жарыяланды.

Метеорология кызматынын билдирүүсүнө караганда, 2-апрель күнү эртең менен Никкалуоктада абанын температурасы 34,5 градус суук болду.

Метеоролог Эрик Хожгард Олсен апрель айында акыркы 68 жылдагы эң төмөнкү температуранын катталганын, андан мурунку эң төмөнкү температуранын 1956-жылы минус 31,6 градус менен Вестерботтен аймагындагы Мирхеден кыштагында катталганын айтты.

Бир тараптан Швецияда калың жааган кар жол кырсыгына жана узун унаа кезектерине себеп болду.

Полиция жана муниципалдык топтор Батыш Готаланд аймагындагы жана Йонкёпинг шаарындагы трассаларда калган унааларды куткаруу үчүн иш-аракеттерди баштады.



Тектеш кабарлар