Рүстем Минниханов Алабуга жана Нижнекаменск аймактарына жасалган кол салуу тууралуу билдирди

Россия Федерациясына караштуу Татарстан Республикасынын президенти Рүстем Минниханов 2  - апрелде республиканын Алабуга жана Нижнекаменск аймактарына жасалган учкучсуз учуучу аппараттардын кол салуусу тууралуу билдирди.

2124736
Рүстем Минниханов Алабуга жана Нижнекаменск аймактарына жасалган кол салуу тууралуу билдирди

Россия Федерациясына караштуу Татарстан Республикасынын президенти Рүстем Минниханов 2  - апрелде республиканын Алабуга жана Нижнекаменск аймактарына жасалган учкучсуз учуучу аппараттардын кол салуусу тууралуу билдирди. Минниханов жергиликтүү фирмалардын башкаруучуларын  бир гана абадан коргоо системасына ишенбөөгө жана өз чараларын көрүүгө чакырды. 

Минниханов: «Ракеталык коргонуу системасынын ишке киришин күтүүнүн кереги жок, анын башка максаттары бар. Өз күчүбүз менен чечишибиз керек. Ар бир ишкана, ар бир муниципалитет, ар бир шаар",- деди. 

Татарстандын президенти христиан жана мусулман жарандарына, мунун балким да   Кудайдын белгиси болушу мүмкүн экенин айтты. Лидер: «Кудай бизге кечээ мүмкүнчүлүк берди, анткени Рамазан жана православ орозосу болчу. Ойгонгула, балдар, силерди өзүңөрдөн башка эч ким коргой албайт",- деди. 

Татарстандын лидери ошондой эле “Алабуга Политех” жана TANEKO мунай иштетүүчү заводуна жасалган чабуулдардын Татарстандын эң сезимтал аймактарын ачыкка чыгарганын жана  душмандын муну сезгенин айтты.

Украина согушунун башынан бери Татарстан биринчи жолу бутага алынды. Алабугада "Алабуга Политех" аттуу кесиптик окуу жайынын кызматкерлери жана окуучулары пайдаланган жатакана имараты зыян тартты. Имараттын жанында Геран  - 2  учкучсуз учуучу аппараттары монтаждалган бир ателье бар. Кол салуунун натыйжасында  14 киши жараланып,  алардын сегизи ооруканада дарыланууда. Жаралуулардын арасында  9 башка мамлекеттин жарандары бар. 

Украинанынбасылмаларынын маалыматына караганда, Татарстандын кол салуусу Украинанын аскердик чалгындоо кызматы жана Украинанын коопсуздук кызматы менен биргеликте уюштурулган. Акыркы жумаларда Россиянын башка аймактарына да  Украинанын  учкучсуз учуучу аппараттары ​​ мунай объектилерин бутага алышкан.

 

 



Тектеш кабарлар