Петра Де Саттер өлкөсүнүн   жайга чейин Палестина мамлекетин таануу керектигин айтты

Бельгиянын тышкы иштер министри Хаджа Лахбиб бул маселеге байланыштуу билдирүүсүндө Палестина мамлекетин таануу келишиминин бар экенин, бирок мунун «убагы келгенде» жарыялана турган чечим экендиги тууралуу сөздөрүн  кайталоодо.

2124578
Петра Де Саттер өлкөсүнүн   жайга чейин Палестина мамлекетин таануу керектигин айтты

Бельгиянын вице - премьер - министри Петра Де Саттер өлкөсүнүн   жайга чейин Палестина мамлекетин таануусу керектигин айтты.

Де Саттер Испаниянын жайга чейин Палестина мамлекетин таанууну пландагандыгын эске салып, өлкөсүнүн да бул кадамды ташташы керектигин белгиледи.

"Көз карандысыз бир Палестина мамлекетин жана анын БУУга кошулуу үчүн  берилген сунушту расмий кабыл алуубуз керек",- деген Саттер Палестина калкынын өз тагдырын өзү чечүү укугун колдонушу керектигин баса белгиледи. 

Бельгиянын тышкы иштер министри Хаджа Лахбиб бул маселеге байланыштуу билдирүүсүндө Палестина мамлекетин таануу келишиминин бар экенин, бирок мунун «убагы келгенде» жарыялана турган чечим экендиги тууралуу сөздөрүн  кайталоодо.  

Испания, Ирландия, Мальта жана Словения 22  - мартта "туура шарттар" түшүлгөндө Палестина мамлекетин таанууга даяр экендерин билдирген.

Испаниянын премьер  - министри Педро Санчез да шейшемби күнү (2  - апрель) Палестина мамлекетин жайга чейин тааный тургандарын жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар