Орусиядан Харьковго учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулдары болду

Бул тууралуу Харьков облусунун Аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов социалдык тармактагы эсебинен билдирди.

2124806
Орусиядан Харьковго учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулдары болду

Орусиянын Украинанын Харьков шаарына «Шахед» үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттар (УУА) менен  катуу кол салууларында 4 киши каза болду.

Бул тууралуу Харьков облусунун Аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов социалдык тармактагы эсебинен билдирди.

Билдирмеге караганда, орус армиясы Харьковго кеминде 15 «Шахед» үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттарды жөнөтүп, анын жарымы атып түшүрүлгөн.

Шаардын Новобаварский, Слобидский, Салтивский райондору зыянга учурады.

Новобаварскийде 14 кабаттуу турак үйгө тийип 4 адам каза болуп, 12 адам жаракат алды.

Каза болгон үч кишинин биринчи кол салуу болгон жерге барган издөө-куткаруу тобунан экени билдирилди.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергендиктен, Орусия-Украина согушу башталган.

Путин Киевди НАТОго кирүүсүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацизмди жоюуну максат кылып жатканын айткан.



Тектеш кабарлар