Ирандын Төңкөрүш сакчыларынын объектилерине кол салуулар...

Систан-Белужистан губернаторунун орун басары Али Реза Мерхамети Ирандын мамлекеттик телеканалына маалымат берди.

2124574
Ирандын Төңкөрүш сакчыларынын  объектилерине кол салуулар...

Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан-Белужистан провинциясында Төңкөрүш сакчылары армиясына таандык бир мекемеге жана эки полиция бөлүмүнө бир убакта куралдуу кол салуу болуп, 3 коопсуздук кызматкери набыт болду.

Ирандын мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда, Систан-Белужистан губернаторунун орун басары Али Реза Мерхамети: «Раск жана Чабахардагы аскерий штабдарга террордук чабуулдар жасалды. Кырдаал көзөмөлгө алынды жана маселе боюнча кеңири маалымат кийинчерээк жарыяланат»,-деп айтты.

Мерхамети мамлекеттик телеканалга берген маалыматында кол салууларга жооп иретинде чыккан кагылышууда 3 ирандык коопсуздук кызматкеринин каза болгонун белгиледи.

Ошол эле учурда Жейшул Адл уюму социалдык медиа эсептериндеги бөлүшүүсүндө кол салуулардын жоопкерчилигин алды.

Иранда террордук уюм деп эсептелген «Жейшул Адл» «Суннит белужи элинин укуктарын коргойбуз» деген шылтоо менен өлкөнүн түштүк-чыгышында Пакистан менен чектешкен Систан-Белужистан провинциясында мезгил-мезгили менен Иранга каршы куралдуу акцияларды уюштуруп келет.



Тектеш кабарлар