Зеленский март айы тууралуу отчет берди

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын март айында өлкөсүнө жасаган чабуулдарда  400дөн ашуун ракета түрүн колдонгонун билдирди.

2124275
Зеленский март айы тууралуу отчет берди

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын март айында өлкөсүнө жасаган чабуулдарда  400дөн ашуун ракета түрүн колдонгонун билдирди.

Зеленский социалдык тармактагы билдирүүсүндө жасаган билдирүүсүндө Россиянын  март айында Украинага көптөгөн ракеталар жана учкучсуз учактар ​​менен кол салганын айтты.

Бир гана март айында орус армиясынын Украинага краата кол салулуарда 400дөн ашуун ракета, 600дөн ашуун "Шахед" учкучсуз учуучу аппарат жана 3 миңден ашуун башкарылуучу бомба колдонгонун айткан Зеленский : "Украинанын түрдүү шаар жана айылдары бул террордон зыян тартып жатат, Россия өзгөчө фронт аймактарын жана чек ара коомчлуктарын катуу сокку урууда",- деди. 

Зеленский 2022 - жылдын 24 - февралында согуш башталгандан бери Харьков шаарына ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен кол салуулардын болуп жатканын белгилеген Зеленский : "Орустар эми  Харьковго карата чабуулдарында аба бомбаларын колдонууда. Бул шаарда күн сайын куугунтук жана кыйынчылык, күн сайын адамдардын өлүмү дегенди билдирет. Орчундуу  мааниге ээ инфраструктура талкаланууда,  үйлөр күн сайын зыян тартууда",-  деди.

Украинанын лидери эгер Украинада ишенимдүү абадан коргонуу системалары болсо, булардын биринин да болбой турганын баса белгиледи. 



Тектеш кабарлар