Мадуро: "АКШ президенттик шайлоого көлөкө түшүрүүгө аракет кылууда"

Апталык маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Николас Мадуро, дүйнөдөгү "эң ишенимдүү" шайлоо системасына ээ экендиктерин айтты.

2123967
Мадуро: "АКШ президенттик шайлоого көлөкө түшүрүүгө аракет кылууда"

Венесуэланын президенти Николас Мадуро, өлкөдө 28-июлда боло турган президенттик шайлоого Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) “көлөкө түшүрүүгө” аракет кылып жатканын билдирди.

Апталык маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Николас Мадуро, дүйнөдөгү "эң ишенимдүү" шайлоо системасына ээ экендиктерин жактап: «АКШ шайлоо үгүтүбүзгө көлөкө түшүрүүгө аракет кылууда. Венесуэла ачык-айкын жана текшериле алгыдай шайлоо саясатын жүргүзүп жатат. АКШ болсо кадырын кетирүүгө аракет кылууда»,- деди.

Өкмөтүнө каршы пландалган 5 кутумга бөгөт койгондорун айткан Мадуро, Колумбиянын мурунку президенттери Альваро Урибе менен Иван Дукенин өкмөттөрүндөгү жогорку даражадагы адамдарды бул кутумга катыштыгы бар деп айыптады.

Николас Мадуро ошондой эле оппозициянын негизги талапкерлери Мария Корина Мачадо менен Корина Йористин талапкерликтеринин Улуттук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынбашы менен эч кандай байланышы жок экенин да билдирди.

Мадуро 28-июлда өтө турган президенттик шайлоо үчүн партиясы тарабынан үчүнчү ирет расмий түрдө талапкер көрсөтүлгөн.



Тектеш кабарлар