Израилдин кол салуусунда каза болгон 3 британ атуулунун өзлүгү аныкталды

Израилдин мурдагы күнү Газадагы Дейр ел  -  Белах  аймагына жасаган кол салууда  эл аралык жардам уюму WCKтин кызматкерлери каза болгон.

2124106
Израилдин кол салуусунда каза болгон  3 британ атуулунун өзлүгү аныкталды

Израилдин Газадагы кол салуусунда каза болгон жардам уюмунун кызматкерлери да  арасында болгон үч британ атуулунун өздүгү аныкталды.

Британия басма сөзүндө орун алган кабарларда Израилдин аба соккусунан каза болгон World Central Kitchen (WCK) мекемесинде иштеген үч британиялык жарандын ысымдарынын Жон Чапман, Жеймс Хендерсон жана Жеймс Кирби экени жарыяланды.

Израилдин мурдагы күнү Газадагы Дейр ел  -  Белах  аймагына жасаган кол салууда  эл аралык жардам уюму WCKтин кызматкерлери каза болгон. 

Борбору Америка Кошмо Штаттарынын  борбор шаары Вашингтондо болгон WCK тарабынан жасалган билдирүүдө Израилдин Газадагы кол салуусунда 7 кызматкердин каза болгону билдирилди.

Билдирүүдө каза болгон кызматкерлердин Австралия, Польша, Англия, АКШ - Канада жана Палестина жарандары экендиги белгиленген билдирүүдө топтун  кол салуу учурунда топтун чыңалууну азайтуу зонасында уюмдун логотиби түшүрүлгөн 2 брондолгон унаада экендиги белгиленген.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху : "Түнү болгон каргашалуу окуяда, тилекке каршы, биздин күчтөр Газа тилкесиндеги бейкүнөө адамдарга кокустан зыян келтирди. Мындай окуялар согуштарда да болот. Муну акырына чейин иликтейбиз. Тийиштүү өкмөттөр менен байланыштабыз. Мунун кайталабаш үчүн баарын жасайбыз»,- деген. 



Тектеш кабарлар