Түштүк Корея KSTAR атомдук реактору 100 миллион градус Цельсийде 48 секунд иштеди

Изилдөөлөрдө Күндүн жана башка жылдыздардын жаркырашына мүмкүнчүлүк берген  реакциялар боюнча жогорку температура жаралууда.

2123720
Түштүк Корея KSTAR атомдук реактору 100 миллион градус Цельсийде 48 секунд иштеди

Түштүк Кореяда «жасалма күн» деп аталган KSTAR атомдук реактору 100 миллион градус Цельсийде 48 секунд иштеп, дүйнөлүк рекордду жаңылады

CNN билдиргендей, Кореянын Fusion Energy институтунун (KFE) илимпоздору көмүртектин булганышына алып келбеген таза энергия булагы болгон ядролук синтез технологиясын өнүктүрүү үчүн KSTAR өзөктүк реакторун мүмкүн болушунча 100 миллион градус температурада иштетүүнү көздөшүүдө.

Изилдөөлөрдө Күндүн жана башка жылдыздардын жаркырашына мүмкүнчүлүк берген  реакциялар боюнча жогорку температура жаралууда.

Окумуштуулар плазманы Күндүн өзөгүнөн 7 эсе ысык болгон 100 миллион градус температурада 48 секунда иштетишти.

Ушундайча 2021 - жылы белгиленген 30 секунддук мурунку дүйнөлүк рекорд артта калды.

KSTAR изилдөө борборунун директору Си Ву Юн мындай жогорку температураны кармап туруунун оңой эмес экендигин айтып, бул акыркы рекорддун маанисин баса белгиледи.

Директор реакторду  2026 -  жылга чейин 300 секунд иштетүүнү максат кылгандарын айтты.



Тектеш кабарлар