Россиянын тышкы иштер министрлиги Талибанды террор тизмесинен чыгаруу боюнча иштеп жатат

Gazete.ru сайтында жарыяланган кабарда тышкы иштер министрлигинин сөз болуп жаткан иштерди Адилет министрлиги менен бирге жүргүзүп жатканын, бирок акыркы чечимди өкмөттүн чыгарарын билдирген.

2123725
Россиянын тышкы иштер министрлиги Талибанды террор тизмесинен чыгаруу боюнча иштеп жатат

Россиянын тышкы иштер министрлиги Талибанды террордук уюмдар тизмесинен чыгаруу тууралуу иштеп жатат.

Gazete.ru сайтында жарыяланган кабарда тышкы иштер министрлигинин сөз болуп жаткан иштерди Адилет министрлиги менен бирге жүргүзүп жатканын, бирок акыркы чечимди өкмөттүн чыгарарын билдирген.

Ошол эле учурда Россиянын президенти Владимир Путиндин Афганистан атайын өкүлү Замир Кабулов Талибан  өкүлдөрүнүн Россияда боло турган  15 -  Россия  -  ислам дүйнөсү : Казан форумуна чакырылганын жана катышуу ниетинин бар экендигин билдирди.

Москва менен ислам дүйнөсү өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташууну өнүктүрүү платформасы катары аталган Казан форум  14 - 19 -  май күндөрү Россия Федерациясына караштуу Татарстан Республикасынын борбор шаары Казанда өткөрүлөт.

Кабулов кенен маалымат бербестен  Россиянын Афганистандын  Талибан өкмөтү менен  эл аралык терроризмге каршы күрөштө "үзгүлтүксүз кызматташуу" ичинде экендигин   айтты.

 



Тектеш кабарлар