Перуда «Rolexgate» деп аталган коррупциялык иликтөө...

Журналисттерге берген билдирүүсүндө Торрес кызматтан кетиши үй-бүлөлүк маселеге байланыштуу болгонун, ал эми башка министрлер бул маселе боюнча маалымат бөлүшпөгөнүн айтты.

2123875
Перуда «Rolexgate» деп аталган коррупциялык иликтөө...

Перуда президент Дина Болуартеге карата «люкс саат» иликтөөсүнөн кийин ички иштер министри Виктор Торрес жана билим берүү министри Мириам Понсе да болгон 6 министр кызматтан кеткенин жарыялады.

Журналисттерге берген билдирүүсүндө Торрес кызматтан кетиши үй-бүлөлүк маселеге байланыштуу болгонун, ал эми башка министрлер бул маселе боюнча маалымат бөлүшпөгөнүн айтты.

Бир тараптан министрлердин отставкага кетиши менен бир убакта көптөгөн башка партиялардан келген эл өкүлдөрү Болуартенин «моралдык жактан жетишсиздигинен» улам кызматтан алынышын талап кылган арызды парламентке тапшырышты.

Болуартенин кызматтан алынышы үчүн 130 орундуу парламентте 87 киши сунушка макул добуш бериши керек.

Сөз болуп жаткан отставкалардан кийин Болуарте 18 министрлик бар өлкөдө бош калган 6 министрдин ордуна жаңы ысымдарды дайындады.

Аталган министрлер кабинетинин алмашуусунун алкагында жаңы министрлер ант берип, кызматына киришти.

Башкы прокуратуранын көрсөтмөсү менен коррупциялык иликтөө иштеринин алкагында 30-мартта Болуартенин үйүндө тинтүү учурунда президенттин мүлкү деп жарыялабаган кымбат баалуу сааттары изделген.

Перунун маалымат каражаттарында эки жума мурда ар кандай кымбат сааттарды тагынганы тууралуу кабар тарагандан кийин Болуартеге карата алдын ала тергөө башталган.

«Rolexgate» деп аталган коррупциялык иликтөөнүн алкагында прокуратура Болуартенин мыйзамсыз байыган деген айыптоолорун иликтеп жатат.

Тергөө мамлекет башчысына карата расмий тергөөгө негиз бар же жок экенин аныктоо үчүн жүргүзүлүп жаткан.

Мынчалык кымбат саатты кантип сатып алдың?-деген суроого Болуарте сааттарды 18 жашынан бери иштеп тапкан акчасына сатып алганын айтты. Болуарте: «Сарайга таза колум менен кирдим, таза кол менен чыгам»,-деди.

Перунун мурунку президенти Кастильо 2022-жылдын 7-декабрында Конгресс тарабынан кызматтан алынгандан кийин анын ордуна Дина Болуарте дайындалган.

Болуартенин кызматтан кетиши жана шайлоо өткөрүлүшү талап кылынган демонстрациялар өлкө боюнча өтүп, окуяларда 50дөн ашуун киши каза болгон.



Тектеш кабарлар